• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Улуттук банк дагы бир акча алмаштыруучу жайдын ишин токтотту

1 Чын куран 2022 16:58 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын чечими менен акча алмаштыруучу бир жайдын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылпайык, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «Брент моней» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 29-июлундагы № 5999 лицензиясынын аракети 2022-жылдын 2-апрелинен тартып 16-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.

Эске салсак, буга чейин Улуттук банк ондон ашык алмаштыруучу жайлардын ишин убактылуу токтотуу тууралуу чечим чыгарган.

Количество просмотров: 218