Улуттук банкы эски үлгүдөгү доллар жүгүртүүдөн чыгарылып жатканы тууралуу маалыматты четке какты.
Буга чейин Улуттук банк тарабынан “ак” доллар колдонуудан чыгарылды, буга байланыштуу коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлар бул валютаны кабыл албайт деген маалымат тарап, жарандардан кайрылуулар түшкөн.
Ушундан улам Улуттук банк бул маалымат чындыкка дал келбестигин расмий билдирет. Тагыраагы Улуттук банк башка өлкөлөрдүн валюталарын, бул учурда АКШ долларларын жүгүртүүдөн алууга укуктуу эмес.
1996-2006-жылдары чыгарылган АКШ долларларын эл арасында «ак» доллар деп коюшат, себеби ал агыш түс менен айырмаланат.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 14-пунктуна ылайык, чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана акча алмаштыруу бюролору кандайдыр бир чектөөлөрдү жана төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок.
Улуттук банк эгер адамдар валюта алмаштырууда негизсиз чектөөгө же баш тартууга дуушар болушса, анда аларды Улуттук банка кайрылууну өтүнөт.