• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Улуттук банк эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди (сүрөт)

12 Бештин айы 2022 11:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы эки коллекциялык монетаны жүгүртүүгө киргизди.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, ушул жылдын 12-декабрынан тартып спорт жаатындагы маанилүү окуяларды жана жетишкендиктерди белгилөө үчүн, ошондой эле жаштарды олимпиадага катышууга үндөө, дене тарбия менен спортту даңазалоо максатында «Спорт» сериясындагы «Азия оюндары» күмүш коллекциялык монетасын, ошондой эле, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген, республиканын флорасынын сейрек кездешүүчү түрлөрүн сактап калуу жана даңазалоо максатында «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Кашкар бөрү карагаты» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

«Азия оюндары» монетасынын алдыңкы бетинде Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарынын расмий эмблемасы түшүрүлгөн, анда кытай инь-янь символунун алкагында спорттун ар бир түрү боюнча Азия оюндарына катышуучу спортчулардын фигурасы пиктограмма түрүндө берилген. Монетанын четине тегерете: «Азия оюндары – 2022 / 2022 Asian Games» аталышы, ошондой эле сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31,10 g), монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинде спортчулардын элеси, ал эми борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четине тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу жайгаштырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн.

«Кашкар бөрү карагаты» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин бадалдын мөмөсүнөн жана жалбырагынан тегерете кооздолгон оймонун ичинде бөрү карагаттын бутагы мөмөсү менен түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Монетанын четине тегерете: «Кашкар бөрү карагаты / Berberis kaschgarica» аталышы, ошондой эле металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) жазылган. Монетанын төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин негизги сюжетин Кашкар бөрү карагатынын бутагы менен мөмөсүнүн элеси түшүрүлгөн сүрөт түзөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четине тегерете: «Кыргызстандын Кызыл китеби» деген жазуу жайгаштырылып, төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2022) көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 130