• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды

31 Бугу 2022 10:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы 2022-жылдын 30-майында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 31-майдан тартып күчүнө кирет, — деп айтылат Улуттук банктын расмий сайтында.

Кыргызстанда инфляциялык процесстердин бир аз басаңдашы байкалат. Бул олуттуу басым орун алган мезгилден кийин дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда жагдайдын салыштырмалуу турукташуусу, ошондой эле ички факторлордун тийгизген таасири менен шартталган. 2022-жылдын май айында1 жылдык инфляция апрель айындагы 14,5 пайыздан 13,8 пайызга чейин басаңдаган. Бирок глобалдуу рыноктордо азык-түлүк товарларына болгон сунуштун чектелүү болушу жана логистикалык проблемалардын орун алышы дагы деле өзүндө инфляциялык тобокелдиктерди камтыйт.

Бүтүндөй алганда, Кыргызстандын экономикасы үчүн тышкы экономикалык шарттар мурдагыдай эле белгисиздик факторунун жана тобокелдиктердин таасири астында өнүгүүдө. Өлкөбүздүн экономикасынын ковидден кийин калыбына келүүсү уланып жатат. 2022-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн өсүш арымы 5,4 пайызды түзгөн (2021-жылдын ушул эле мезгилинде экономика 3,0 пайызга төмөндөгөндүгү белгиленген). Сакталып турган жогору белгисиздик кыска мөөнөттүү келечекте өлкөнүн экономикасынын калыбына келүүсүн олуттуу тууралашы мүмкүн.

Жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат курсунун шартында коммерциялык банктардын кредиттик жигердүүлүгүн арттыруу алардын ресурстук базасын акырындап кеңейтүү менен коштолууда. Акча-кредит саясатын күчөтүү сом түрүндөгү аманаттардын артыкчылыгынын сакталып турушуна өбөлгө түзүп, калкты каражаттарын үнөмдөөгө үндөдү.

Ички жана тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик ченди 14,0 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Учурдагы акча-кредит шарттарынын сакталышы Кыргызстандын макроэкономикалык абалына жооп берет жана келечекте орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана тышкы конъюнктура кесепеттерин азайтууга мүмкүндүк берет.

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл учурда орто мөөнөттүү мезгилде баа туруктуулугун камсыз кылуу боюнча максатка жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт.

Маалымат үчүн: Улуттук банк Башкармасынын эсептик чендин өлчөмү тууралуу кийинки пландык отуруму 2022-жылдын 25-июлунда өтөт.

Улуттук банк жагдайга жараша негизги чендин өлчөмү тууралуу маселе боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрөт.

Количество просмотров: 62