• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

1 Баш оона 2023 11:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы 31-июлда эсептик ченди (негизги ченди) 13 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бул чечим 1-августтан баштап күчүнө кирет.

«Бул чечим ички жана тышкы экономикалык чөйрөдө түптөлгөн өнүгүү шарттарын эске алуу менен кабыл алынган. Улуттук банк жүргүзүп жаткан акча-кредиттик саясаты дагы деле инфляцияга түрткү берүүчү факторлорду басаңдатуу багытында экендигин белгилеп кетүү зарыл. 2023-жылдын июль айында (21ине карата абал боюнча) инфляция жылдык мааниде 10,3 пайызды түзгөн, мында анын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баанын өсүшү 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыз деңгээлинен жылдык мааниде 6,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Өлкөдө жалпы баа деңгээлинин кыйла жай төмөндөшүн бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы жана ички суроо-талаптын туруктуу кеңейиши шарттаган», — деди Улуттук банктын расмий өкүлү.

Ал кошумчалагандай, мында акча-кредит саясаты жагында буга чейин кабыл алынган чаралардын топтолгон таасири инфляция боюнча потенциалдуу тобокелдиктерди жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

«2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы 3,9 пайызга өсүштү көрсөткөн, мында көбүрөөк салым кызмат көрсөтүү сектору тарабынан камсыз кылынган. Экономикалык жигердүүлүк да ички суроо-талаптын кеңейиши менен колдоого алынган. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын төмөндөө динамикасы ички баалардын динамикасына таасирин тийгизген», — деди ал.

Аида Карабаев кошумчалагандай, жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат курсу мурдагыдай эле орто мөөнөттүү мезгилде инфляция деңгээлин 5-7 пайызга чейин төмөндөтүүгө багытталган. Жалпысынан инфляциянын күндөлүк динамикасын баалоо Улуттук банктын күтүүлөрүнүн алкагында калат, мында өлкө экономикасында инфляцияга түрткү берген факторлордун сакталып турушу монетардык жана бюджет-салык саясатын андан ары ишке ашырууда макулдашылган кадамдарды талап кылат.

Количество просмотров: 52