• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

30 Үчтүн айы 2024 10:19 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк башкармалыгы 29-январга карата эсептик ченди (негизги ченди) 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, сечим бүгүн, 30-январдан тартып күчүнө кирет.

«Учурда Кыргызстанда инфляциялык процесстердин басаңдоо арымы сакталып турат. Өткөн жылдын декабрында жылдык инфляция көрсөткүчү 7,3 пайызды, ал эми 2024-жылдын январында – 5,9 пайызды түздү. Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобуна баалардын өсүш арымынын жылдык мааниде 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыздан 2024-жылдын январында 1,9 пайызга чейин туруктуу арымда басаңдагандыгы белгиленген. Ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар кыйла жай арымда басаңдап, айрым товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүнө карата тарифтик саясатты кайра караштыруу боюнча административдик чаралардын таасирин чагылдырган», — деди ал.

Карабаева белгилегендей, тышкы чөйрөдө орун алып турган шарттар Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге карата негизги факторлор катары сакталып турат жана алардын орун алышы базалык инфляциянын максаттуу деңгээлге кыйла жай арымда кайтып жаткандыгын тастыктоодо. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунун баа коньюнктурасы ар тараптуу сакталып турат: азык-түлүккө дүйнөлүк баалар акырындап төмөндөөдө, ал эми глобалдуу мунай жана алтын рынокторунда баалардын өзгөрүп турушу сакталууда. Мындай шарттарда базалык инфляциянын, ошондой эле калктын жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүнүн мындан аркы төмөндөшү 2024-жыл ичинде акча-кредит саясатын иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө негизги артыкчылык болуп саналат.

«Кыргызстандын экономикасында жогору жигердүүлүк сакталып турат, 2023-жыл жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 6,2 пайызды түзгөн, бул кызмат көрсөтүүлөр секторунун жана иштеп чыгаруу өнөр жайынын олуттуу салымынын эсебинен калыптанган. Ички суроо-талап жогору деңгээлде сакталууда, бул керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшүнүн, эмгек акылардын жогорулашынын жана акча которуулар агымынын өсүшүнүн натыйжасында шартталган», — деди Карабаева.

Ал монетардык саясаттын жүргүзүлүп жаткан багыты калктын жыйым топтоону күчөтүүсүн шарттай турганын белгиледи. «Коммерциялык банктардын ресурстук базасынын артышы байкалууда. 2023-жыл жыйынтыгы боюнча депозиттик базанын көлөмү 2022-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 27,3 пайызга жогорулап, 431,3 млрд сомго жакынды түзгөн. Мында, банк сектору экономиканы жигердүү кредиттөө ишин улантууда. Кредит портфелинин көлөмү 2023-жылы 4 26,3 пайызга, 257,8 млрд сомго чейин өскөн. Жалпы алганда финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн туруктуулугу жетиштүү экендигин тастыктоодо, бул банк системасынын туруктуулугун сактоого мүмкүндүк берет. Коммерциялык банктар жетиштүү көлөмдө улуттук валютадагы ликвиддүүлүккө ээ. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу абалда сакталууда», — деп белгиледи Карабаева.

Улуттук банктын өкүлү тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын, ошондой эле дале эки орундуу көрсөткүчтөр деңгээлинде сакталып турган базалык инфляциянын динамикасын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алганын кошумчалады. Бул чечим өлкөдө инфляциялык процесстерди мындан ары да басаңдатууга жана инфляцияны орто мөөнөттүү мезгил аралыгында 5-7 пайыз максаттуу маанилер чегинде калтырууга багытталган.

Белгиленгендей, эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отурум 2024-жылдын 26-февралында өтөт.

Количество просмотров: 75