• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук банк эсептик ченди төмөндөттү

29 Жетинин айы 202210:23 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк Башкармасы 31-октябрда эсептик ченди (негизги ченди) 13,0 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, чечим үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

«2022-жылдын 18-ноябрына карата маалымат боюнча жылдык инфляция 2022-жылдын октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөө менен 14,5 пайызды түзгөн. Кыргыз Республикасында инфляция арымы басаңдаган тенденцияны көрсөтүүдө»,-деди ал.

Ошондой эле Карабаева Улуттук банк 1 жылда 8 жолу отурум өткөрүп, эсептик ченди өзгөртүү чечимин кабыл алганын кошумчалады.

Количество просмотров: 122