Улуттук банк 26-августка чейин 149,95 млн. долларга чет элдик валютаны сатуу боюнча 5 интервенция жана 347 млн. долларды сатып алуу боюнча 12 интервенция жүргүзгөн. Жалпы 197,4 млн. доллар сатып алынган. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Ошондо эле Карабаева Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин белгилеген.
Анын айтымында, жыл башынан бери доллардын сомго карата расмий курсу 4,35%га төмөндөдү.
«Өлкөдө колдонулуп жаткан өзгөрүлмө алмашуу курсунун режиминде валюта курсу ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун рыноктун калыптанышынын натыйжасында ийкемдүү бойдон калууда. Айрым мезгилдерде алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда валюталык интервенцияларды жүргүзөт», — деди ал.