• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук банк каржы базарынан 14,5 млн доллар сатып алды

1 Чын куран 20228:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы 31-мартта да валюта сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү. Башкы банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, жалпысынан 14,5 миллион доллар сатылып алынды.

30-мартта Улуттук банк валюта базарындагы 5,4 миллион долларды өзү сатып алган.

2018-жылдан бери Кыргызстанда мындай операция жүргүзүлгөн эмес.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар Орусия-Украина кырдаалынан улам кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Количество просмотров: 150