• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук банк: Өлкөдө накталай чет элдик валютанынын тартыштыгы байкалбайт

25 Чын куран 202311:23 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө накталай чет элдик валютанынын тартыштыгы байкалбайт. Бул тууралуу Улуттук банкттын Банктык Көзөмөл башкармалыгынын башчысы Эмил Сарыажиев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу деп бааланууда.

«Жалпысынан рублдин курсунун өзгөрмөлүүлүгүнө келсек, рыноктук механизмдер рублга жана башка валюталарга карата курсту жөнгө салат. Улуттук банк зарыл болгон учурда банк секторуна жана акча алмаштыруу жайларына даттануулар же мыйзам бузуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт. Валюта рыногундагы абал да тынымсыз көзөмөлдөнүп турат», — деди

Количество просмотров: 78