Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын бирине айып пул салды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде МФУ тарабынан бир эле жакка же ага байланыштуу адамдардын тобуна берилүүчү каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.