• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Улуттук банк президенттин атын жамынган шылуундар тууралуу эскертти

10 Баш оона 2022 14:30 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк учурда социалдык тармактар менен мессенжерлерде президент Садыр Жапаровдун жана аталган банктын атынан «кайрылгандардын баарына 10 миң сом өлчөмүндөгү грант берилет» деген жалган маалымат тарап жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, алар онлайн резюме жеке маалыматтар менен толтурулушу керектигин өтүнүшөт. Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү болуп саналат. Максаты — өздүк маалыматка ээ болуу.

«Кандай болсо дагы жеке маалыматтарды, картаңардын номерлерин, анын мөөнөтүн, CVV/CVC коддорду, ПИН коддорду жана СМС менен келген коддорду билдирбегиле жана үчүнчү тарапка бербегиле, такталбаган шилтемелерди ачпагыла, сак болгула»,-деп айтылат Улуттук банк тараткан билдирүүдө.

Количество просмотров: 76