• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн 59,30 миллион доллар сатты

11 Жалган куран 2022 9:33 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн валюта базарына 59,30 млн доллар чыгарып, анын ичинен 39,85 млн доллар накталай сатты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Улуттук банк 284,30 млн доллары өлчөмүндө беш интервенция жасаган.

Ушул жылдын башынан 11-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу 21,61%га өсүп, 1 АКШ доллары үчүн 84,80 сомдон 103,12 сомго чейин жогорулады.

Количество просмотров: 156