Кыргызстандын валюта базары салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бүгүн, 28-февралда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банктын алтын-валюталык резерви алты айга жетет.
«Улуттук банк үч жолу интервенция жасап, 169 млн. долларды каржы базарына чыгарган. Акыркы жолу 24-февралда 14 млн. доллар саткан. Валюта рыногу талап кылса Улуттук банккеректүү өлчөмдө интервенция кылууга даяр»,-деди ал.
Мекеменин расмий өкүлү Орусиянын банктарынын SWIFT системасынан чыгарылышы мигранттардын акча которууларына эч кандай таасир этпей турганын кошумчалады.