Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валюта сатуу боюнча кезектеги интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.
Маалыматка караганда, валюта рыногуна 44 млн 800 миң АКШ доллары сатылды.
Ошондой эле Улуттук банк доллардын расмий курсун 89,18 сомго чейин көтөрдү, ал эми коммерциялык банктарда доллар 89,37 сомго чейин кымбаттады.