• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Улуттук банк валюта рыногуна 47,1 млн АКШ долларын сатты

7 Бирдин айы 2023 10:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна 47,1 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу Улуттук банкттын сайтында маалымдалат.

Америка валютасын сатуудагы баасы 86,25 — 86,77 сомду түздү. Бул регулятордун быйылкы жылдын башынан берки экинчи интервенциясы: 10-январда Улуттук банк валюта рыногуна 104 млн 250 миң доллар саткан.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Улуттук банк 15 жолу интервенция жасаган. Анын ичинен сегизи 486,5 млн долларга чет элдик валютаны сатуу жана жети интервенция 190,74 млн долларды сатып алуу боюнча болгон.

Количество просмотров: 94