• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Улуттук банк: Visa жана Mastercard төлөм карталары иштебей калышы мүмкүн

11 Жалган куран 2022 13:57 Бишкек Govori.TV

Тобокелдиктерди алдын алуу максатында, Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кошумча ачууну жана алар боюнча өлкө ичинде операцияларды жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы төлөм системалары накталай эмес төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып жатат. Россия банктарына санкцияларды киргизүү (Visa жана Mastercard банктык төлөм карталарын эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынан өчүрүү) жалпысынан Кыргызгызстандын төлөм системасынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизбейт, анткени Кыргызстанда «Элкарт» төлөм карталары менен улуттук эсептешүү системасы иштейт. Бул система өзүнүн форматтары, эрежелери, тарифтери боюнча иштейт. Ошол эле учурда катышуучулар менен байланыш каналы катары жергиликтүү коммуникациялык кызмат көрсөтүү провайдерлери пайдаланылат. «Элкарт» карталары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар республика аймагында иштелип чыгат жана сакталат.  

«Санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир нече банктардын (ал жакта тейленген) Visa жана Mastercard карта ээлери-кардарлар башка банктардын инфраструктурасында (банкоматтар, POS-терминалдар) тейлене албай калышы мүмкүн. Бирок алар ошол банктардын өздөрүнүн филиалдарында жана сактык кассаларында эсептешүү-кассалык тейлөөгө гана алынышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу максатында, Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын кошумча ачууну жана алар боюнча өлкө ичинде операцияларды жүргүзүүнү сунуштайт. «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын алуу үчүн кардарлар коммерциялык банктарга кайрылышы керек»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 287