• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Улуттук банк жасалма доллар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу этият болууга чакырат

18 Чын куран 2022 17:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Улуттук банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат.

Улуттук банктан билдиришкендей, нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл. Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экендигине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш.

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

“Ошондой эле чет элкө валютасынын шектүү банкнотторун сатууга да жол берилбей тургандыгын эскерте кетмекчибиз. Анткени жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 161