• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Улуттук банк жыл башынан бери 4 ирет интервенция жасап, 227 млн доллар саткан

28 Бирдин айы 2023 11:22 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк жыл башынан бери төрт ирет интервенция жасады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Улуттук банктын эл аралык резервдери – 2,6 млрд долларды түзөт.

“Эл аралык резервдердин курамына чет өлкөлүк валюта, алтын жана баалуу кагаздар кирет. Керек болгон учурда Улуттук банк улуттук валютанын курсунун серпилүүсүнө жол бербөө үчүн интервенция жасайт. Жыл башынан бери төрт ирет интервенция жасап, 227 млн долларды рынокко саткан”, — деди Карабаева.

Количество просмотров: 54