2022-жылдын башынан бери 645,2 млн сомго 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы 104,6 кг алтын куймасы сатылды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймаларынын бардык түрүнө туруктуу суроо-талап бар.
«Негизинен баалуу белек катары 1 жана 2 граммдык майда буюмдардын ченелген куймалары сатылып алынат», — деп айтылат маалыматта.