• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Улуттук банктын атын жамынып, жарандарды алдагандар пайда болду

19 Бештин айы 2022 17:32 Бишкек Govori.TV

КР Улуттук банкы адамдардын банктагы эсебинен акчасын алдаган шылуундар тууралуу эскертүү берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы убактарда социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу Улуттук банктын атынан финансылык жардам сунуштап, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар пайда болду. Алар жарандардан банктык карталарынын номерин киргизүүнү суранышат.

Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматтарыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар.

«Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз. Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз. Баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 110