• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетип жатат

28 Аяк оона 2021 9:53 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетип жатат. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги өз булактарына таянып жазды.

Маалымат боюнча, ал чечимин бүгүн Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында расмий жарыялайт деп күтүлүүдө.

Улуттук банктын басма сөз кызматы башчынын отставкасы боюнча комментарий бере элек. Бирок, Улуттук банктын расмий өкүлү кечээ жана бүгүн Толкунбек Абдыгулов жумуш ордунда болгонун белгиледи.

Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жеке арызы боюнча отставкага кете алат, бирок анын отставкасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат, бул тууралуу парламенттин отурумуна чейин алдын ала билдирилүүгө тийиш.

Улуттук банктын төрагалыгына мүмкүн болуучу талапкерлердин бир нече ысымы аталууда. Алардын бири — Кубанычбек Бөкөнтаев.

Количество просмотров: 2057