• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Улуттук банктын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам долбоорлору каралды

1 Кулжа 2022 16:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев белгилегендей, мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук статусу, иш максаттары, функциялары жана ыйгарым укуктары, иш тартиби, ошондой эле көз карандысыздык кепилдиктери так аныкталган.

Андан тышкары жыйында “Банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да биринчи окууда талкууланды. Кубанычбек Бөкөнтаевдин айтымында, аталган мыйзам банк ишин жүзөгө ашырууда негиз салган принциптерди аныктоого, банк ишин ишке ашырууда жана жөнгө салууда так укуктук жөнгө салууну белгилөөгө, банктарды жана белгиленген тартипте банктык кызматтарды сунуштаган башка жактарды түзүү, лицензиялоо тартибин иретке келтирүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров мыйзамга конституциялык макам берүү маселесине токтолуп: “Болгону төрт-беш гана конституциялык макамдагы мыйзам бар эле. Бирок акыркы учурларда туура эмес тажрыйба калыптанып бара жатат. Андыктан мыйзам долбоорунун конституциялык макамын алуу зарыл”, – деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев сунушталган мыйзам долбоорлору мамлекетке жана калк турмушуна кандай таасир берерине кызыкты.

Өз кезегинде Кубанычбек Бөкөнтаев мыйзамдар кабыл алынса, Улуттук банктын капиталы 2 млрд сомдон 4 млрд сомго чейин көтөрүлөрүн айтып: “Бул мекеменин ишмердүүлүгүндө туруктуулукту камсыздайт”, – деди.

Ошондой эле депутат Айбек Осмонов доллар менен келишим түзүп, насыя алууну каалаган ишкерлерге аталган валютада акча берилбей жатканын белгилеп, бул боюнча бир катар фактылар бар экенин маалымдады. Улуттук банктын төрагасы, маселени иликтеп чыгаарын убада кылды.

Мындан тышкары, депутат Султанбай Айжигитов мамлекеттик саясат менен Улуттук банктын саясатынын ортосунда шайкештик жок экенин белгилеп, бул жаатта олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү экенине токтолду.

Количество просмотров: 68