• Ишенби 13 Кулжа 2026
  • Суббота 13 Июнь 2026

Улуттук банктын карамагында канча алтын бар? Карабаеванын жообу

28 Бирдин айы 202312:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнү Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралдагы маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

«Банкта алтындын эки түрү бар: алтын-валюта резервинде 16 тонна (1-февралга карата 87,3 млрд сомго барабар) жана 138,5 млрд сомго барабар болгон алтындын кору. Улуттук банк алтын куймаларды үзгүлтүксүз түрдө сатууда. 1 граммдан 10 граммга чейин өлчөнгөн алтын куймалары сатылууда жана сатылып алынууда. Анын баасы Улуттук банктын сайтында күн сайын жаңыланып турат»,-деген ал.

Количество просмотров: 419