• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сомду түздү

31 Үчтүн айы 2023 11:04 Бишкек Govori.TV

Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сомду түздү. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаеванын айтымында кирешенин так саны тышкы аудиторлор тарабынан тастыкталгандан кийин билинерин белгиледи.

Ошондой эле Карабаева Улуттук банк акча табуу максатында валюталык интервенция жасабай турганын кошумчалады.

«2022-жылы валюта рыногунда 486 млн доллар сатты. Ошол эле учурда доллар сатып алуу боюнча дагы интервенция жасалды. Анда Улуттук банк 190 млн доллар сатып алды, анткени сунуш суроо-талаптан ашып кеткен. Валюталык интервенциялар алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө үчүн жүргүзүлөт», — деди ал.

Количество просмотров: 109