• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

26 Кулжа 202414:24 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги парламентте каралышы күтүлүүдө.

Буга чейин ЖК Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевди өз арызынын негизинде кызматынан бошотууга макулдук берди.

Ал эми Мелис Тургунбаев 2023-жылдын март айынан бери экология министри болуп иштеп келген. Ал бүгүн, президенттин Жарлыгы менен кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 100