• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук банктын төрагасынын эки орун басары кызматтан кетти

24 Баш оона 20240:57 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын Төрагасынын орун басарлары Манас Жакыпов жана Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты.

Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты. Кырдаалды талдоонун жана анын кесепеттерине баа берүүнүн жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповду ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыяланды.

Банк тутумунун жана улуттук экономиканын туруктуулугуна терс таасирин тийгизип, ишенип берилген аймакта көзөмөлдү жоготуу шартында бул чечимдер президент Садыр Жапаров тарабынан аргасыз чара катары кабыл алынды. Бул чара финансы рыногунун нормалдуу иштешин калыбына келтирүү жана натыйжалуу башкарууга кайтуу үчүн зарыл.

Ошондой эле Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 151