Унаанын алдынкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат үчүн төлөм убактылуу төмөндөтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтому чыкты.
Ага ылайык, 15-июндан тартып 15-июлга чейин унаанын алдынкы айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн төмөндөтүлгөн жыйым белгиленди.
Документте белгиленгендей, уруксат бир жылдык мөөнөткө катталат.
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын көрсөтүлгөн өлчөмү электромобилдерди кошпогондо, M1 жана M1G категорияларындагы транспорт каражаттарына жайылтылат.
Бул токтом 15-июндан тартып күчүнө кирет.