• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Унаа» мекемеси жарандарга кайрылуу жолдоду

17 Үчтүн айы 2023 17:28 Бишкек Govori.TV

«Унаа» ММнын республика боюнча бөлүмдөрү жана секторлору тууралуу билдирүү таратып, жарандарга кайрылуу жолдоду.

Маалыматта айтылгандай, жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин республика боюнча бөлүмдөрү жана секторлору толук кандуу иштеп жатат, бирок «Инфоком» МИнин «Даректик маалымат бюросу» АИСинде электр үзгүлтүктөргө байланыштуу техникалык бузулулар орун алган.. Учурда «Инфоком» МИнин кызматкерлери кемчиликтерди жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле мекеме бөлүм жана секторлорундагы техникалык бузулуулардын себеби толук жоюлмайынча ал жакатарга баруудан карманууну суруштайт.

Теги:
Количество просмотров: 586