• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Унаанын» Бишкек бөлүмүнүн 3 кызматкери кармалды

9 Бирдин айы 202613:34 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, мурда кабарлангандай, Чүй облусунун ички иштер бышкы башкармалыгынын кызматкерлери авто мектептерди бүтүргөндүгү тууралуу жасалма күбөлүктөрдү жасоо менен алектенген кылмыштуу топту аныкташкан. Жеке авто мектептердин директорлору Б.Т. жана М.А., И.Т. аркылуу 40 000 сомдон 120 000 сомго чейин мыйзамсыз акча алышкан. Кылмышкерлер жарандарды мамлекеттик портал аркылуу каттап, курстардан чыныгы өтпөй туруп, жасалма документтерди беришкен. Бир гана адам аркылуу 244 окуучу каттоого алынып, 2 760 850 сом мыйзамсыз алынган.

Кылмыш жаза кодексинин 379-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыштуу топтун уюштуруучулары, үч адам кармалган.

«Бул кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталгандай, мурда кармалган И.Т. башында турган бул кылмыштуу топ коңшу мамлекеттерден алып келинген транспорт каражаттарын жасалма документтердин негизинде каттоо иштерин уюштуруп, бул аракеттерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун кызматкерлеринин жардамы менен ишке ашырган.

Кийинчерээк жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаары боюнча Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун кызматкерлеринин аталган мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экени аныкталган. Атап айтканда, транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттоого төмөнкү адамдар катышкан: башкы адис С.Д. жана адистер К.У. менен У.А., 1997-жылы туулгандар.

Жогоруда аталган бардык адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот тарабынан аларга карата бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды». — деп жазылат маалыматта.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда, бардык кылмыш ишинин жагдайларын аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн керектүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 186