“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Токтогул сектору 12-сентябрдан 16-сентябрга чейин иштебейт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Токтогул райондук электр тармактары тарабынан ВЛ-100 чубалгысында оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 12-сентябрдан 16-сентябрга чейин саат 08:00дөн 18:00гө чейин Токтогул районунда электр жарыгы өчүрүлөт. Буга байланыштуу Токтогул секторунун иши 5 күнгө токтотулду.
«Унаа» мамлекеттик мекемеси жарандарга Жалал-Абад облусундагы төмөнкү бөлүмдөргө кайрылууну сунуштайт:
Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү, 32. Байланыш телефону:03722 50919;
Кара-Көл шаары, Ленин көчөсү, 6. Байланыш телефону: 03746 51527;
Кербен шаары, Осмонов көчөсү, н/ж. Байланыш телефону: 03742 50330;
Кочкор-Ата шаары, Фрунзе көчөсү, 38а. Байланыш телефону: 03734 53450.