• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Унаанын» Ысык-Ата бөлүмү убактылуу иштебейт

7 Баш оона 202310:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-августта саат 17:00гө чейин электр энергиясы жок болгондугуна байланыштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Кант шаарындагы Ысык-Ата бөлүмү убактылуу иштебейт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, электр жарыгы Ысык-Ата райондук электр тармактары тарабынан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Кант шаарында электр жарыгы жок болгондугуна байланыштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата бөлүмү ишин токтотту. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башка жакын жайгашкан аймактык бөлүмдөрүнө кайрылыңыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 97