• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн кызматкерлери өткөрмө кагаздарын алыш керек

29 Чын куран 2020 12:58 Бишкек Govori.TV

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн кызматкерлерине өткөрмө кагаздары керек болот, алар 1312.tunduk.kg порталы аркылуу бекитилген тартипте комендатурадан берилет.

«Бул күндөрү комендатурага ири жүктөм туура келерин түшүнүп турабыз, ошондуктан электрондук форматта тариздөөгө керек болгон тизмелерди бизнес ассоциациядан сураш үчүн атайын мамлекеттик органдарды ишке тарттык. Ошондой эле комендатуранын операторлорунун ишин күчөтүүгө кошумча кызматкерлерди чакырдык жана, эгерде зарылдык жаралса, алар күнү-түнү иштешет”, — деп билдирди КР вице-премьер-министри Э.Асрандиев.

Республикалык штаб уруксат берилген тизмеге кирбеген ишмердүүлүктөрдө иштегендерди билдирме жибербөөгө чакырат.

Количество просмотров: 410