• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси

31 Жалган куран 2020 11:49 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режиминде жана өзгөчө абал режими жарыяланган аймактарда тоскоолдуктар болбошу керек делген ишмердүүлүктүн тизмеси түзүлгөн. Алардын тизмесин республикалык ыкчам штаб берди.

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси:

1. Саламаттыкты сактоо системасы:

— ооруканалар;

— лаборатордук кызматтар;

— үйүндө медициналык кызматтарды көрсөткөн мекемелер;

— бардык менчик формадагы медициналык мекемелер;

— ветеринардык тез жардам кызматтары;

— медициналык товарлардын дистрибуциясы.

2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:

— электроэнергиялык компаниялар;

— суу менен камсыз кылуу;

— электриктер жана сантехниктердин кызматтары;

— өрт өчүрүү кызматы;

— көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;

— калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;

— дезинфекция;

— телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50%ы жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техколдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);

— аэропорттор;

— темир жол бекеттери;

— почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;

— социалдык камсыздоо.

3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:

— тамак-аш өнөр жайы;

— айыл чарбасы;

— биринчи керектүү товарларды өндүрүү;

— химреагенттер;

— дары-дармек препараттары;

— медициналык жабдуулар жана аспаптар;

— үй үчүн кагаз буюмдары;

— жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);

4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:

— азык-түлүк дүкөндөрү;

— дарыканалар;

— Күйүүчү май куюу жайлары;

— ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – жеткирип берүү жолу менен гана иштейт;

5. Башка маанилүү кызматтар:

— азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 7:00дөн 20:00гө иштөөгө уруксат берилет;

— азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды дистрибуция кампалары;

— банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);

— мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

*Эскертүү: меймаканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.

— жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

— карылар үйлөрү;

— балдар үйлөрү;

— үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;

— жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;

— ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.

Унаа каражаттары жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек. Буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтсүн.

Количество просмотров: 4550