• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Уу коргошундан дары даярдоого тыюу салынды

29 Бугу 202411:37 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө аконит, макротомия, ясенец жана афлатун пиязынын түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш сырьесун даярдоого, жыйноого 3 жылга убактылуу тыюу салынды.

Мындай токтомду Министрлер кабинети кабыл алганы өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды.

Эске салсак, 2021-жылы саламаттык сактоо министри Бейшеналиев коронавируска каршы акониттин тамырын дарылыкка колдонуп жатканы маалым болгон. Ал бул чөптүн тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө даярдаганын айткан.

Количество просмотров: 340