• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

UWW президенти Лалович Кыргызстанда күрөштүн келечеги чоң экенин айтты

21 Кулжа 202217:13 Бишкек Govori.TV

United World Wrestling эл аралык күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович Кыргызстанда күрөштүн келечеги чоң экенин белгиледи. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жайында айтты.

Анын айтымында, Бишкектеги Азия чемпионатынын өтүшү өлкөдө бул спорттун түрү өнүккөнүн айгинелейт.

«Кыргызстанда күрөштүн келечеги бар жана спорттун бул түрүнөн кызыгуу күч экен. Президент Садыр Жапаров менен жолугушууда дагы өлкө башчынын кызыгуусу бар экенин байкадым», — дейт ал.

Лалович кошумчалагандай, кыргыз балбандарынын күрөштөгү жетишкендиктеринен улам Азияда бул спорт өнүгүүдө.

Количество просмотров: 110