Кытай юаны жаңы тарыхый бийиктикке жетти, ал эми Россия рубли кайрадан өйдөлөй баштады. Казак теңгеси сомго карата арзандады. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын жана Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу бюролорунун маалыматтары күбөлөндүрөт.

29-майда эртең менен алмашуу бюролорундагы чет элдик валюта курсу төмөнкүдөй:
Доллардын курсу өзгөргөн жок: сатып алуу — 87,5 сомдон, сатуу — 87,85 сомдон.
Евро кымбаттады. Аны 101,4-101,8 сомдон сатып алып, 102,2-102,6 сомдон сатышууда.
Рубль дагы кымбаттады. Сатып алууда 1,2-1,21 сом, сатууда 1,21-1,22 сом турат.
Алмашуу пункттарында теңгенин орточо курсу: сатып алуу — 0,16 сом, сатуу — 0,1980 сом. Алмашуу пункттарында кытай юанинин орточо курсу: сатып алуу — 12,5 сом, сатуу — 13 сом.
