• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Венадагы атышуу: Жети киши көз жумуп, төртөө жаракат алды

3 Жетинин айы 2020 10:07 Бишкек Govori.TV

Венада белгисиз кишилер синагоганын жанында ок чыгарышты. Жети киши мерт болуп, төртөө жаракат алды, бир полициячынын абалы оор. Бул тууралуу Kurier басылмасы кабарлады. Күбөлөр кеминде 50 жолу ок атылганын билдиришүүдө.

Австрия Ички иштер министрлиги синагоганын жанындагы окуяны теракт деп атады.

Кол салгандардын бири өлтүрүлгөн, бирөө из жашырып кеткен.

Вена полициясы шаар борборунда ири операция жарыялады.

Kronen Zeitung басылмасы жергиликтүү жөөт коомчулугу улутташтарын көчөгө чыкпай турууга үндөгөнүн билдирди.

Венанын полиция башкармалыгы шаардыктарды үйдөн чыкпай, коомдук транспортту колдонбой жана окуя болгон жерде тартылган видеолорду таратпай турууга чакырды.

Количество просмотров: 175