Москвада аталган компаниянын “Романов двор” бизнес борборундагы офисинде атышуу болду. Атышуудан бир адам өлгөнүн “Интерфакс” укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Дагы үч адам жаракат алышкан, экөө полиция кызматкери болгон, ошондой эле отуз адам кармалып бардыгы полицияга жеткирилди.
Бул атышуу бүгүн 18-сентябрда күндүз болгон. Wildberriesтин негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук анын күйөөсү Владислав баштаган “топ адамдар” компаниянын борбордогу бир нече офистерин тартып алууга аракет кылганын билдирди.
Бул жубайлардын чыр-чатагы Wildberries жана тышкы жарнама жасаган оператор Russ экөө ООО “РВБ” аталган биргелешкен компанияны июлда каттагандан кийин башталган. Владислав Бакальчук Wildberriesтин болгону 1 пайызына ээ, ага карабастан ал буга каршы чыккан. Ал компаниянын ушул абалы боюнча Чечнянын президенти Рамзан Кадыровго даттанган. Кадыров муну “рейдерлик баскынчылык” деп атаган.
Татьяна Бакальчук абалдын мындай экенин жокко чыгарып, күйөөсүнөн ажырашууга арыз берген.