Бүгүн, 19-мартта Өкмөт Үйүндө Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус боюнча маалымат берүүдө. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус боюнча жаңы учур катталган жок.
«Кыргызстан боюнча коронавирус 3 жарандан табылган, ал эми бүгүнкү күнгө карата жаңы учурлар катталган жок. Тактоолордон соң 3 адам менен бир учакта келгендердин саны 135 эмес 144 адам экени белгилүү болду. Учурда алардын 142си табылып, анализ тапшырышты, үчөөнүкү оң натыйжа берди. Ал эми калгандары жер-жерлерде дарыгерлердин көзөмөлүндө»,-деди министр.
Коронавирус аныкталган 3 жаран менен бирге учуп келгкен жүргүнчүлөр Кыргызстандын бардык облустарынын жашоочулары болгон.
Алардын ичинен:
— Баткен облусунан 8;
— Жалал-Абад облусунан 48;
— Ош облусунан 64;
— Чүй облусунан 4;
— Нарын облусунан 1;
— Ысык-Көл облусунан 1;
— Бишкек шаарынан 19 адам бар.
Эске салсак, Кыргызстандын аймагында коронавирустун алгачкы учуру катталганы кечээ, 18-мартта белгилүү болгон. Алар Суад Арабиядан кичи ажылык сапардан 12-мартта кайтып келишкен, азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда Сузак районунда өзгөчө кырдаал режими бар.