• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Вице-премьер-министр ЖККУ саммитин өткөрүү учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү

26 Жетинин айы 201916:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бишкек шаарында ЖККУ саммитин өткөрүү учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Жеңиш Разаков бир катар объекттерде даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде «Манас» эл аралык аэропорту, ошондой эле бир нече инфраструктуралык объекттер жана мейманкана комплекстери бар.

Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук коопсуздукту жана укук тартибин, жол жана өрт коопсуздугун камсыздоо, энергия менен камсыз кылуу тапшырмаларын берип, терроризмге каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.

Количество просмотров: 111