• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ЖККУга мүчө мамлекет башчылары «Ынтымак Ордого» келишти

27 Жетинин айы 202512:16 Бишкек Govori.TV

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларын “Ынтымак Ордо” имаратында президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон келишти.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтмөкчү.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-ноябрда ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Кыргызстанга келген.

Количество просмотров: 80