• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Вице-премьерликке депутат Исмаилованын, министрликке Абдыкеримовдун талапкерлиги сунушталды

1 Чын куран 2020 14:35 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьерликке Аида Исмаилованы, саламаттык сактоо министри кызматына Сабыржан Абдыкеримовду сунуштады. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди.

Анын айтымында, учурда талапкерлерди парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети карап жатат. Талапкерлерди комитетке өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов тааныштырды.

Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика — Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү.
Ал эми Сабыржан Абдыкеримов буга чейин Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошоткон.

Кечээ, 31-мартта, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген. Мындан улам Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сындаган болчу.

Булак: Sputnik.

Количество просмотров: 59