Волейбол боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы жаштар арасындагы зоналык Азия чемпионатында жеңүүчү болду.
19 жаштан улуу эмес спортсмендер арасындагы Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын (ЕКПА) чемпионаты Шри-Ланканын Коломбо шаарында 4-9-ноябрда төрт команданын катышуусунда өттү.
Алдын ала раундда кыргызстандык кыздар Непалды (3:2) жана Мальдив аралдарын (3:0) утуп, бирок Шри-Ланкага (0:3)утулуп калышкан.
Кыргызстандын курама командасы 2-орунду ээлеп, жарым финалда Непалдан келген кыздар менен чыгышты.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык кыздар кайрадан атаандаштарын 3:0 эсебинде утту.
9-ноябрда финалдык таймашта Кыргызстандын курама командасы Шри-Ланка курамасы менен беттешип, реванш ала алды. Кыргызстандык кыз-келиндер 3:2 эсебинде жеңишке жетип, турнирдин жеңүүчүлөрү болушту.
Аягында Кыргызстан-Шри-Ланка— 3:2 (22-25, 25-20, 25-21, 13-25, 15-11) упай топтоду.