• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«ВСП+ макамынан ажырайбыз». “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын таасири

17 Тогуздун айы 2023 16:13 Бишкек Govori.TV

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков парламенттик угууда билдирди.

«Мыйзам долбоору кабыл алынса, бул коомго да, инвестициялык климатка да таасирин тийгизет. Кыргызстан эл аралык рейтингдерде позициясын жоготуп алышы мүмкүн. Бизде эркиндик, демократия бар дейбиз. Мүмкүн биз сынды өлкө ичинде айтып жаткандырбыз, ал эми чет жакта жакшы жактарыбызды айтып жатабыз», — деген Сыдыков Евробиримдик Кыргызстанда талкууланып жаткан бул мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алганын, ВСП+ жеңилдиктер макамы дүйнөдө саналуу гана өлкөгө берилгенин эскертти жана ишкерлер, бизнес коомчулук депутаттардын демилгесине тынчсызданып жатышканын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылган.

Эске салсак, «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 90