• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Йемендин мурдагы президентти өлтүрүлдү

5 Бештин айы 201711:42 Бишкек Govori.TV

Йеменди 30 жылдан ашуун башкарып, 2012-жылы элдин кысымынан улам бийликтен кеткен  75 жаштагы Али Абдулла Салех урушта мерт кеткендигин хусит козголоңчулары түзгөн өкмөт маалымдап,  “Ал-Масира” телеканалынын видеотасмасын көргөзүштү.

Ошондой эле бул маалыматты Элдик конгресстеги булактар да «ал-Аравия» телеканалы менен Рейтер агенттиги ырасташты.

Салех эки күн мурда Иран колдогон хусит согушкерлер менен өнөктөштүгү аяктаганын жарыялаган болчу. Ал акыркы үч жылдан бери башкалаа Сананы хусит согушкерлери менен чогуу башкарып жаткан.

Айрым маалыматтардаХусит согушкерлери президенттин  Сана шаарындагы үйүн жардырып жиберишкен.

Количество просмотров: 36