• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ыш менен күрөшүү. Бишкекте көмүр менен иштеген 22 от казан газга өттү

22 Аяк оона 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев борбордогу көмүр менен иштеген 22 от казан газга өткөнүн айтты.

Анын айтымында мындай кадам менен мэрия ыш менен күрөшүү, көмүрдү колдонууна азайтуу аракетин көрүп жатат.

Алсак, №74, 49, 54 мектептер көгүлтүр отунга өтүп жатат. Ошол эле учурда №7, 59, 15, 32, 35, 74 мектептерде жана №12 бала бакчада сэндвич-панельден жасалган газ отканаларынын курулушу аяктоо баскычында, башкача айтканда ички жасалгалары калган.
№82, 96, 41, 98 мектептердин отканалары бүткөрүлдү. Газ түтүк тармагы жоктугуна байланыштуу №86 жана 99-мектептер электр менен жылытууга өтөт, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК менен келишим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексине ылайык, Бишкек биринчи сапка чыккан. Ага ылайык, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен.

Теги:
Количество просмотров: 94