• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Атада 74 млн сомдук соцобъектилер муниципалдык менчикке кайтарылды

4 Чын куран 202512:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Атада 74 млн сомдук социалдык объектилер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Нурманбет айыл аймагында жайгашкан мурдагы Ысык-Ата мамлекеттик асыл-тукум тоок заводуна караштуу социалдык объектилер (бала бакча, спорт комплекси, байланыш бөлүмү, саркынды сууларды тазалоочу жайы) жер тилкелери менен муниципалдык менчикке өткөрүлбөй, “А-К” акционердик коомунда калтырылгандыгы аныкталган.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын жыйынтыгында 74 млн 152 миң сомду түзгөн аталган социалдык объектилер муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 221