• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Атада өрттөн турак үй жана 2 унаа күйүп кетти

28 Бугу 202510:39 Бишкек Govori.TV

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында бүгүн, 28-майда турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:03дө Ысык-Ата райондук №4 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 07:16да №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 08:43тө тилсиз жоо толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кошуна жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калуу чарасы көрүлдү.

Жабыркагандар жок, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 189