• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

26 Теке 2022 11:52 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 6,5 млн сомдук 10 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 8-сентябрында Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен Чок-Тал айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 10 га жайыт жер тилкеси жеке жарандын менчик укугу болуп таанылып, “Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик актысы берилип, андан соң жарандык бүтүмдүн негизинде үчүнчү тарапка өткөрүп берилген.

Жогорудагы соттун чечимине карата Ысык-Көл райондук прокуратурасы апелляциялык сунуш келтирип, Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен райондук соттун 2015-жылдын 8-сентябрындагы чечими жокко чыгарылган.

Сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгаруу жана 6 млн 577 миң сомго бааланган 10 га жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан прокурордук актылар келтирилип, аларды кароонун натыйжасында жер тилке Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.

Количество просмотров: 150